Кыргызстан «Халал Экспо-2024» көргөзмөсүндө: эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана ата мекендик продукцияны илгерилетүү

Новости
04-Декабрь 2024-ж.
13380

2024-жылдын 27-30-ноябрында Стамбул ш. (Түркия) «Адал Экспо-2024» жана «Адалдагы ийгиликтүү он жылдык: жалпы көз караш менен келечекти калыптандыруу» деген тема менен «10-бүткүл дүйнөлүк адал саммити» өттү. Иш-чара Ислам кызматташтык уюму, Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология институту, Ислам соодасын өнүктүрүү борбору менен кызматташтыкта, Түркия Республикасынын Президентинин эгидасы астында жана «Discover Events» компаниясы менен кызматташтыкта өткөрүлдү.


Көргөзмө тамак-аш азыктарынын эл аралык соодасынын ири аянтчасы болуп саналат, бул халал секторунун өкүлдөрү үчүн кызмат көрсөтүүлөрүн жана продуктыларын илгерилетүүгө, ошондой эле бул сектордо сооданы жана инвестицияларды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.


Иш-чаранын алкагында #КРЭКМ караштуу «Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемесинин өкүлү адал - индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндө ишкер мамилелерди бекемдөө үчүн башка өлкөлөрдүн көргөзмөсүнүн өнөктөштөрү жана катышуучулары менен жолугушууларды өткөрдү.


Бул иш-чарада кыргыз тараптан атамекендик өндүрүүчүлөрдүн: «Кайнар Групп», «Салих ЛТД» ЖЧК, «Шоро» ЖАК, «Яшар Групп» ЖЧК, «Адал Азык» (Тойбосс) ЖЧК, «Тянь-Шандын Белектери» ЖЧК, ж.б. продукциялары көрсөтүлдү.


Көргөзмөгө катышуунун максаты Ислам Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрүнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле адал-продукцияга карата эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Онлайн кайрылуу