2024-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында «Кыргыз Экспорт» борбору менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду. Бул келишим ишкерлердин эл аралык рынокко чыгуу жолун жеңилдетип, экспорттук ишмердүүлүктү камсыздандыруу аркылуу колдоого багытталган.
Документтин негизги өзөгү – ишкерлерди күтүүсүз тобокелдиктерден коргоо жана тышкы соодадагы ишенимдүүлүгүн арттыруу. Камсыздандыруу механизмдери ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын экспорттук операцияларын коопсуз жана натыйжалуу кылууга жардам берет.
Меморандумдун алкагында тараптар биргелешип демилгелерди ишке ашырып, кыргызстандык экспортчуларды ар тараптуу колдоого басым жасашат. Бул, өз кезегинде, Кыргызстандын продукциясынын дүйнөлүк рыноктогу ордун бекемдөөгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга шарт түзөт.