Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү документтерге кол коюлду

Новости
03-Декабрь 2024-ж.
9035

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол койду.


Иш сапардын жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлду:

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү документтерге кол коюлду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда киреше жана капитал салыктарынан эки тараптуу салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин ортосундагы соода жана инвестицияларды илгерилетүү механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.


Бул документтердин ишке ашырылышы Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизери күтүлүүдө. Алар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы экономикалык мамилелерди андан ары чыңдоо үчүн бекем негиз түзүп, эки өлкөгө тең пайда алып келе турган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт.


Кол коюлган документтер эки өлкөнүн узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулушунун далили болуп саналат.                                                                                            ­­­­­



Онлайн кайрылуу