Кыргыз Республикасы демилгелеген ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

Новости
03-Декабрь 2024-ж.
9112

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы №78 чечими менен бекитилген «ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизүү» колдоого алынды. Өзгөртүүлөр башка мүчө мамлекеттерде катталган дары-дармектерди мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын демилгеси менен таануу тартибин киргизүүгө багытталган.
  

Өзгөртүүлөргө ылайык, дары-дармектердин аналогдору мамлекеттин рынокторунда жок болгон учурда, мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы алардын каттоосун таануу тартибин баштай алат. Бул учурда каттоо референт-мамлекетте жүргүзүлгөн экспертизалардын негизинде, кандайдыр бир алымдарсыз же башка төлөмдөрсүз жүргүзүлөт.
 

Жаңы тартиптин максаты – дары-дармектердин каттоосу экономикалык жактан пайдалуу эмес болгон, суроо-талап төмөн деп бааланган мүчө мамлекеттерде дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Ошол эле учурда мындай дары-дармектер саламаттыкты сактоо системасы үчүн маанилүү болуп саналат, анткени алар, адатта, чектелген көлөмдө же атайын медициналык жардам үчүн колдонулат.
  

Бул тартипти колдонуу менен дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүүгө, пациенттердин сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде бирдей шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
 

Маалымат үчүн:

ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны 2024-жылдын 29-ноябрында видео байланыш форматында өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышты. 

Онлайн кайрылуу