Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын ортосундагы 12-отурумга катышуу үчүн расмий сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак өлкөнүн негизги өнөр жай жана агроөнөр жай объектилерин кыдырды.
Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Самат Насирдинов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрбол Султанбаев менен биргеликте Анатолий Сивак «Аталык Групп» ачык акционердик коомунун жана «Автомаш радиатор» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
«Аталык Групп» ишканасына болгон сапар агроөнөр жай секторунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөттү. Ал эми «Автомаш радиатор» ишканасында унаа тетиктерин өндүрүүнү кеңейтүү жана технологияларды өнүктүрүү багыттары талкууланды.
Анатолий Сивак эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Беларусь өнөр жай жана айыл чарба тармактарында өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.