#КРЭКМ мамлекеттик органдар үчүн тышкы жардамды эсепке алуу жана тартуу маселелери боюнча окуу өткөрдү

Новости
03-Декабрь 2024-ж.
9135

2024-жылдын 26-ноябрынан 2-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин конференц-залында мамлекеттик органдардын эл аралык гранттык жана техникалык жардамды демилгелөө, эсепке алуу жана каттоо маселелери боюнча мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган окуу өткөрүлдү.
Министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлери үчүн окууну чакырылган эксперт жана Тышкы жардам башкармалыгынын адистери өткөрүштү.
  

Бир жумага созулган курстун жүрүшүндө гранттык жардамды демилгелөө, эсепке алуу жана каттоо системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы №389 токтому менен бекитилген Эл аралык гранттык жана техникалык жардам жөнүндө жобого ылайык каралып, талкууланды. Катышуучулар бул нормативдик базаны иш жүзүндө колдонуунун маселелерин да талкуулашты.
  

Окуунун жүрүшүндө гранттык жана техникалык жардамды тартипке келтирүү жана эсепке алууну жакшыртуу максатында жогоруда аталган Жобонун талаптарын так сактоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Бул келип түшкөн ресурстарды колдонуудагы ачык-айкындыкты жана натыйжалуулукту жогорулатууга шарт түзөт.

Маалымат үчүн:

Эл аралык гранттык жана техникалык жардам жөнүндө Жобо донорлор тарабынан берилген жардамды тартуу жана колдонуу тартибин жөнгө салат. Бул документ аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн милдеттүү болуп саналат жана эл аралык гранттык жана техникалык жардамды түздөн-түз алган жана колдонгон бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү.
  

КР Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык донорлор менен кызматташууну оптималдаштыруу максатында мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иштерин улантууда.

 

Онлайн кайрылуу