Кыргызстан менен Өзбекстандын зергерчилик тармагындагы жаңы демилгелер

Новости
29-Ноябрь 2024-ж.
11324

2024-жылдын 27-28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү «Кыргызалтын» ААКнын делегациясы үчүн Өзбекстандын зергерчилик тармагы менен таанышуу максатында эки күндүк иш-чара уюштурду. Бул иш сапар «Кыргызалтын» ААК делегациясына Өзбекстандын алдыңкы зергер заводдорунун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышууга шарт түздү.

 Иш-чаранын жүрүшүндө «Өзбекзаргарсаноати» зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүү, алдыңкы технологияларды колдонуу жана тармактын адистери үчүн биргелешкен билим берүү программаларын уюштуруу сыяктуу кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды.

 Мындан тышкары, делегация төмөнкү объекттерге барды: •  «Fonon» заводу — Өзбекстандагы алдыңкы зергер өндүрүүчүсү, инновациялык технологиялары жана жогорку сапаттагы өнүмдөрү менен белгилүү;

 •  «Sofiazar» заводу — уникалдуу дизайнердик чечимдерге адистешкен ишкана; 

•  «Uzgold» заводу — зергер буюмдар рыногунда өзүн ишенимдүү өндүрүүчү катары көрсөткөн ишкана. Өндүрүштүк объекттерден тышкары, делегация өзбек бренддеринин өнүмдөрү сунушталган шоурумдар жана зергер дүкөндөрү менен таанышты. «Кыргызалтын» ААК Италиянын алдыңкы жабдуулары менен таанышып, Өзбекстандын ишканалары менен биргеликте адистерди окутууну камтыган тажрыйба алмашуу программасын ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.

 Өз кезегинде, өзбек өндүрүүчүлөр Кыргызстандын зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилешти. 

Онлайн кайрылуу