Чек арадагы электрондук кезек: ыңгайлуулук жана ачык-айкындуулукка карай кадам

Новости
29-Ноябрь 2024-ж.
11366

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте «Кызыл-Кыя автожол» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу транспорт үчүн электрондук кезек башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду баштоодо. Бул долбоор 2024-жылдын 30-ноябрында старт алат жана логистиканы жакшыртууга, чек арадан өтүү процедураларын тездетүүгө жана процесстин ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.


Электрондук система айдоочуларга чек арадан өтүү убактысын алдын ала kezek.gpti.kg сайты аркылуу брондоого жана күтүү зонасына белгиленген убакытта келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул чечим күтүү убактысын кыскартат, чек арадагы тыгындарды азайтат, жүк ташуу ишинин натыйжалуулугун жогорулатат жана соода операцияларын жөнөкөйлөтөт.


Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов электрондук кезек башкаруу системасын киргизүү транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө, чек ара аралык сооданы жеңилдетүүдө жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда маанилүү кадам экенин белгиледи.


Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн транспорттук компаниялар үчүн семинарларды жана өткөрүү пунктунда айдоочулар үчүн практикалык тренингдерди камтыган окутуу иш-чаралары өткөрүлдү.


Кыргызстанда электрондук кезек системасын ишке киргизүү, ЭСБ Эл аралык соода борборунун (БУУ/ДСУ) жана "Ready4Trade Борбор Азия: Транскаспий транспорттук коридору аркулуу өсүп-өнүгүүгө жол" долбоорлорунун алкагында, Европа Биримдигинин каржылоосу менен ишке ашырылды.


Онлайн кайрылуу