Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун кызматташуу келечеги талкууланды

Новости
28-Ноябрь 2024-ж.
9176

2024-жылдын 27-ноябрында #КРЭКМ экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар комитетинин төраганын орун басары Евгений Кассюра менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда Искендер Асылкулов Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттары, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги жетишкендиктер жана Россия Федерациясы менен кызматташуунун актуалдуу аспектилери боюнча маалымат берди. 

Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун өз ара кызматташуу келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

 Министрдин орун басары энергетика, өнөр жай жана башка тармактардагы маанилүү инвестициялык долбоорлорду белгилеп, чет элдик инвесторлор үчүн, анын ичинде салык жеңилдиктери сыяктуу, ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

 Тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы багыттарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. Жолугушуу натыйжалуу кызматташууну улантууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирүү менен жыйынтыкталды. 

Онлайн кайрылуу