Натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө карай: Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча тегерек стол

Новости
27-Ноябрь 2024-ж.
323
2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тапшырмасы менен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаментинин, туристтик компаниялардын жана туристтик дестинациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрдү. 
Иш-чаранын негизги максаты – туризм тармагындагы катышуучулардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин талкуулоо жана тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландарды иштеп чыгуу.
 Тегерек столдун жүрүшүндө Фонд тарабынан туризм тармагына арналган консультативдик-эксперттик кеңеш түзүү демилгеси жарыяланды. 
Фонддун президенти Кылычбек Рысалиев бул тууралуу мындай деп билдирди: «Туризм – бул динамикалуу өнүгүп жаткан тармак жана ал ачык диалогду, ошондой эле эксперттердин жигердүү катышуусун талап кылат.
 Консультативдик-эксперттик кеңеш тармактын актуалдуу маселелерин талкуулап, биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн натыйжалуу аянтча болот.» Тегерек столдун катышуучулары, анын ичинде онлайн форматта кошулгандар, бул демилгени колдошту.
 Кеңешти түзүү иштери 2024-жылдын ичинде аякташы пландалууда. 
Иш-чарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов катышып, туруктуу туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы тыгыз координациянын маанисин баса белгиледи.
 Экономика жана коммерция министрлиги туризм тармагын колдоого алып, рыноктогу бардык катышуучулардын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнү мындан ары да колдойт.

Онлайн кайрылуу