Координациялык сессия: жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү кызматташтыктын борборунда

Новости
27-Ноябрь 2024-ж.
170

2024-жылдын 27-ноябрында «КРде ЖӨБ өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк» программасынын алкагында жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен координациялык сессия өткөрүлдү.

 Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча негизги маселелер, кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарынын 2025-жылга карата өнөктөштүктүн колдоосуна болгон муктаждыктарын аныктоо талкууланды. 

Катышуучулар программанын жергиликтүү башкаруу жана өнүктүрүү жаатындагы негизги багыттарынын актуалдуулугун тастыкташты. Координациялык сессия стратегиялык маселелерди талкуулоо үчүн ачык аянтча болду.

 Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук өнүктүрүү өнөктөштөрү, коммерциялык эмес уюмдар жана көз карандысыз эксперттер катышты. 

Онлайн кайрылуу