Айыл чарбада пилоттук долбоордун башталышы: Кыргызстан жана британиялык «Интертек» компаниясы МЖӨ алкагында күчтөрүн бириктирүүдө

Новости
27-Ноябрь 2024-ж.
2409
2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Берлин шаарына расмий иш сапарынын алкагында «Кыргыз Республикасында лабораторияны башкаруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашыруу боюнча Рамкалык келишимге кол коюлду. 
Бул документке Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жана британиялык «Интертек» компаниясынын мамлекеттик жана соода кызматтары боюнча вице-президенти Жереми Гаспар кол койду.
 Бул долбоор айыл чарба продукцияларын экспортко даярдоо жана алардын сапатын сертификациялоого багытталган. Мындан тышкары, өндүрүш тармагындагы продукцияларды, анын ичинде тигүү өнөр жайынын продукцияларын сертификаттоо мүмкүнчүлүгү каралууда. 
Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын продукцияларын Европа Биримдигинин базарларына экспорттоону күчөтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
 Долбоордун кийинки этабында «Интертек» компаниясынын эксперттери Кыргыз Республикасына келип, кеңири талдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Компания продукцияны сертификациялоо жана сапатты көзөмөлдөө жаатында дүйнөлүк лидер болуп саналат. 
«Интертек» компаниясы менен биргеликте ишке ашырылган бул долбоор лабораторияларды жана алардын инфраструктурасын модернизациялоого, ошондой эле Кыргызстандын сертификация системасын эл аралык сапат стандарттарына интеграциялоого карай маанилүү кадам болуп саналат.



Онлайн кайрылуу