Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча тегерек стол: 2018–2024-жылдардын жыйынтыгын талкуулоо жана 2025–2027-жылдарга жаңы план түзүү

Новости
27-Ноябрь 2024-ж.
11345

2024-жылдын 25-ноябрында Бишкекте Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгы (СЖЖК) жана Эл аралык соода борборунун колдоосу менен тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкерлер чөйрөсүнүн мүчөлөрү жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр катышты. 

Талкуунун негизги темасы – 2018–2024-жылдардагы Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыгын чыгаруу жана 2025–2027-жылдарга жаңы планды иштеп чыгуу болду. 

Тегерек столдун негизги максаты – учурдагы планды ишке ашыруунун жыйынтыктарын талдап, Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун андан ары өркүндөтүүгө байланыштуу сунуштарды иштеп чыгуу. 

Катышуучулар жетишилген натыйжаларды активдүү талкуулап, өлкөдөгү бизнес-климатты жакшыртууга жана сооданы жөнөкөйлөтүүгө өбөлгө түзө турган жаңы пландын негизги багыттарын аныкташты. 

Талкуулардын жыйынтыгында 2024-жылдын 12-декабрында экинчи тегерек стол өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул иш-чарада 2025–2027-жылдарга жаңы план долбоору каралат. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасындагы Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук кеңештин протоколдук тапшырмасына ылайык уюштурулууда. 

Онлайн кайрылуу