Балыкчыда жаңы туристтик тейлөө борбору ачылды

Новости
25-Ноябрь 2024-ж.
265

2024-жылдын 23-ноябрында Балыкчы шаарында «Борбордук Азиядагы аймактык байланыш жолдорун жакшыртуу боюнча Программанын үчүнчү фазасы» долбоорунун алкагында курулган жаңы туристтик тейлөө борборунун (ТСБ) салтанаттуу ачылыш аземи өттү. 

\Бул борбор Ысык-Көл облусунда туризмди өнүктүрүүдө маанилүү бөлүк болуп эсептелет.

 Ачылышка Экономика жана коммерция министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Дүйнөлүк банктын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Балыкчыдагы ТСБ туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, көпчүлүккө таанымал пансионаттарга жана тоо-лыжа базаларына баруучу жолдорду жеңилдетет. 

Ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Жаңы борбор туристтерге маалыматтык колдоо көрсөтүү, эс алуу зонасы, сувенирдик дүкөн, дааратканалар, унаа токтотуучу жайлар жана электромобилдерди кубаттоо станциялары сыяктуу кызматтарды сунуштайт. 

Бул тейлөө борбору Ысык-Көлдүн жээгиндеги туристтик тейлөө борборлорунун тармагына кирет.

 Ушундай борборлор Түп, Теплоключенка, Тосор жана Бөкөнбаев айылдарында да ачылууда.

 Долбоор Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин буйрутмасы жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылган.

 2024-жылы бул объекттер туризмди өнүктүрүү фондусунун башкаруусуна өткөрүлүп берилген. 

ТСБнын ачылышы Ысык-Көл облусуна туристтердин агымын көбөйтүп, Кыргызстандын эл аралык туристтик аренадагы позициясын бекемдөөгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө. 

Онлайн кайрылуу