Административдик-аймактык реформа боюнча пилоттук режимдеги кеңешме Ош облусунун Өзгөн районунда өттү

Новости
21-Ноябрь 2024-ж.
325

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жыйын өткөрдү.  Жыйынга КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов катышты.

Белгилей кетсек, аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын биринчи этабынын жыйынтыктарынан кийин бирдиктүү региондук программанын негизинде мамлекеттик органдардын райондук деңгээлдеги региондук бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуугун жогорулатуу зарылдыгы келип чыккан. 

Ага байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын сунуштарын колдоо максатында министрликтердин жана ведомстволордун райондук бөлүмдөрүн жогорудагы райондордун убактылуу жетектөөсүнө өткөрүлүп берилди. 

Реформа жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, райондун социалдык-экономикалык абалын жана калктын жашоо шартын жакшыртууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүүгө, ошондой эле башкаруу түзүмүн оптималдаштырууга багытталган. Мындан тышкары, ар кандай тобокелчиликтерге ыкчам чара көрүү жана "бирдиктүү терезе" принциби аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүү да реформанын максаттарынын бири болуп саналат.

Пилоттук долбоор 2025-жылдын 1-январынан тартып башталат жана ал 2025-жылдын аягына чейин уланат, анын натыйжалары талданып, тиешелүү жыйынтыктар чыгарылат.

Онлайн кайрылуу