#КРЭКМ: Данияр Амангельдиев ЕРӨБдүн башкаруучу директору Хусейн Озхан менен жолугушту

Новости
20-Ноябрь 2024-ж.
493

2024-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) башкаруучу директору Хусейн Озхан менен жолугушту.

 Тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана экономиканын ар кандай тармактарындагы өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.

 Данияр Амангельдиев ЕРӨБгө Кыргызстандагы негизги долбоорлорду ишке ашырууда көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Хусейн Озханды ЕРӨБдүн башкаруучу директору болуп дайындалышы менен куттуктады. 

Министр учурда 40 улуттук долбоор, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу инфраструктуралык демилгелер иштелип жатканын белгиледи. 

Ал энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү сунуштап, энергетикалык туруктуулукту камсыздоого багытталган сактоочу системаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. 

Ошондой эле министр экономиканын оң көрсөткүчтөрү жана келечектеги өсүү божомолдору тууралуу айтып өттү.

 Ал банк секторунун позитивдүү динамикасын жана жеке сектордун активдүүлүгүн баса белгилеп, аларды колдоо үчүн жеңилдетилген каржылоонун зарылдыгын белгиледи. 

Өз кезегинде, Хусейн Озхан Кыргызстандагы жетишкендиктерге жогору баа берип, ЕРӨБдүн кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын тастыктады.

 Ал ЕРӨБдүн өлкөдөгү жалпы портфели жаңы келишимге кол коюлгандан кийин 1 миллиард доллардан ашканын белгиледи.

 Суу чарбасы, транспорт, энергетика жана жеке секторду колдоо ЕРӨБдүн Кыргызстандагы артыкчылыктуу иш багыттары экендигин билдирди.

 Тараптар 2025-жылга карата 150 миллион евро суммасындагы долбоорлор портфелин иштеп чыгууну улантууну макулдашты.

 Жолугушуу өз ара түшүнүшүүнүн позитивдүү маанайында аяктап, эки тарап тең Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор боюнча активдүү иштөөгө даярдыгын билдиришти. 

Онлайн кайрылуу