Кыргызстан санариптик көчмөндөр үчүн жагымдуу өлкөгө айланууда

Новости
20-Ноябрь 2024-ж.
960

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Тышкы миграция жөнүндө», «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына кол койду. Бул мыйзам 2024-жылдын 9-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.  


Бул кадам өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү этап болуп саналат. Ал чет өлкөдөн жогорку квалификациялуу адистерди тартууга жана Кыргызстандын глобалдык IT-борбор катары ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.  


Санариптик көчмөн макамы — чет өлкөлүк адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр  


Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр чет өлкөлүк жарандар үчүн «Санариптик көчмөн» (Digital Nomad) статусун бекитет. Бул статус маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ), программалык камсыздоо түзүү, креативдүү индустриялар жана башка жогорку технологиялуу тармактарда иштеген адистер үчүн арналган.   


Санариптик көчмөн статусуна ээ болгон чет өлкөлүктөр төмөнкү артыкчылыктарга ээ болот:  

- Кыргызстандын аймагында жашаган жерине катталуу милдетинен бошотулат;  

- Жеке идентификациялык номер (ПИН) алуу укугуна ээ болот;  

- Эмгектик ишмердүүлүк үчүн уруксат кагаздарын алуудан бошотулат;  

- Индивидуалдык ишкер же юридикалык жак катары иш жүргүзүү укугу берилет;  

- Кыргызстандын банктарында эсеп ачуу жана аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  


Инновациялык долбоорлор үчүн жагымдуу шарттар  


Мыйзам санариптик көчмөндөрдү Кыргыз Республикасына тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул өз кезегинде инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө, жогорку технологиялуу тармактардын өсүшүнө, салыктык кирешелердин көбөйүшүнө, жумуш орундарын түзүүгө жана туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт.  


Экономика жана коммерция министрлиги санариптик көчмөндөрдүн Кыргызстанда жайгашуусу өлкөгө оң таасирин тийгизип жатканын белгилейт. 2022-жылы башталган пилоттук долбоор чет өлкөлүк адистердин Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырган жана ийгиликтүү ишке ашырылган.  


Макамды алуу тартиби


Чет өлкөлүк жарандар үчүн «Санариптик көчмөн» статусуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү, алардын укуктары жана милдеттери, макамды алуу жана Кыргызстандын аймагында жүрүү шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан өзүнчө чечим менен аныкталат.  


Экономика жана коммерция министрлиги бул мыйзамды заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы курууга багытталган маанилүү кадам катары баалайт. Санариптик көчмөндөргө Кыргызстандын IT секторун бекемдөө, жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана өлкөнүн эл аралык беделин жогорулатуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.  



Онлайн кайрылуу