КР Экономика жана коммерция Министри Д.Дж. Амангелдиевдин Кыргызстандагы ишкер айымдар Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердик күнүнө карата куттуктоо сөзү

Новости
19-Ноябрь 2024-ж.
499

Урматтуу Кыргызстандын ишкер айымдары!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердик күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Бүгүнкү күндө ишкер аялдар Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун 40%-ын түзөт. Бул көрсөткүч сиздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролуңуздарды даана тастыктайт. 

Сиздер коомубуздун жыргалчылыгына баа жеткис салым кошуп, чакан жана орто-бизнести, айыл чарбасын, кайра иштетүүнү, текстиль өндүрүшүн, тейлөө тармагын жана инновациялык технологияларды активдүү өнүктүрүп жатасыздар.

Кыргызстан үчүн аялдардын ишкердигин колдоо – туруктуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат.

Биз бул жөн гана экономикалык зарылчылык эмес, бүтүндөй коомдун гүлдөп-өнүгүшү жана гармониялуу өсүшү үчүн негиз экендигин түшүнүп келебиз.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүсүнө, аялдардын бизнес-потенциалын чыңдоого багытталган масштабдуу демилгелерди ишке ашырып жана алардын лидерлик сапаттарын жогорулатуусуна салым кошуп келет.

Мамлекет менен коом күч-аракеттерин бириктирүүсү менен сөзсүз түрдө алдыга койгон максаттарга жетебиз деп Биз бекем ишенебиз.

Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сизге түгөнгүс илхам, жаңы мүмкүнчүлүктөр, ден соолук, жана гүлдөп өнүгүү каалайм! Бизнес ийгилик алып келе берсин, ар бир жаңы күн сизди жаңы бийиктиктерди багынтуу үчүн энергияга толтурсун!


Биз сиздин жетишкендиктери менен сыймыктанабыз!


Майрамыңыздар менен!

Онлайн кайрылуу