БАРЭК климат, инновация жана соода боюнча өнөктөштүгү жөнүндө декларацияга кол коюлду

Новости
18-Ноябрь 2024-ж.
2527

2024-жылдын 14-ноябрында Баку шаарында, Азербайжанда БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (СОР29) тараптарынын 29-конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык программасынын (БАРЭК) отурумуна катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча БАРЭК климат, инновациялар жана соода боюнча өнөктөштүгү жөнүндө декларацияга кол коюлду.

Декларацияда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мөңгүлөрдү сактоо жана тоо экосистемасын өнүктүрүү боюнча тоо демилгеси белгиленген.

Белгилей кетсек, буга чейин климаттын өзгөрүшү боюнча иш-аракеттер планы кабыл алынып, БАРЭК климат жана туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо Фонду ишке киргизилген.

Онлайн кайрылуу