Түрк мамлекеттеринин климат, инновация, жашыл экономика жана соода боюнча кызматташтыгын орнотуу тууралуу Баку декларациясына кол коюлду

Новости
18-Ноябрь 2024-ж.
358

2024-жылдын 14-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (COP29) тараптарынын 29-конференциясынын алкагында КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Түрк мамлекеттер уюмунун министрлер жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөнүн алкагында Бишкек шаарында 2024-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган «Түрк дүйнөсүнүн жашыл көрүнүшү» Декларациясы белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында климат, инновациялар, жашыл экономика жана соода боюнча Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын орнотуу жөнүндө Баку декларациясына кол коюлду.

Онлайн кайрылуу