Бишкекте темир жол транспорту, “кургак портторду” жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жаатында КР потенциалын жогорулатуу боюнча Улуттук семинар өттү

Новости
15-Ноябрь 2024-ж.
2526

2024-жылдын 14-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, “Кыргыз темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлигинин, ошондой эле БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (БУУ ЭСКАТО) өкүлдөрүнүн катышуусу менен темир жол транспорту, “кургак портторду” жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү чөйрөсүндө КР потенциалын арттыруу боюнча Улуттук семинар болуп өттү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз Республикасынын “Трансазиялык темир жол тармагы” жана “кургак порттор” жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуусу боюнча жасап жаткан кадамдары, алардын артыкчылыктары жана кошулуу тартиби талкууланды. 

Кыргыз Республикасынын ЭКМнин өкүлү тарабынан Азия-Тынч океан регионунда кагазсыз соода боюнча Алкактык Макулдашууга (БУУ ЭСКАТО) Кыргыз Республикасынын кошулушун эске алуу менен соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун Макулдашуусун Кыргыз Республикасында ишке ашыруу жөнүндө маалымат презентацияланды. 

Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлигинин эксперттери 2023-жылы Өзбекстандагы потенциалдуу “кургак портторду” изилдөөнүн практикалык жыйынтыктарын чагылдыруу менен изилдөө тажрыйбасы жөнүндө маалымат беришти.

БУУ ЭСКАТО өкүлү тарабынан Трансазиялык темир жолдордун тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча изилдөөлөрдүн бет ачары болуп өттү, ошондой эле Азия-Тынч океан регионунда эл аралык маанидеги “кургак портторду” өнүктүрүү боюнча аймактык стратегия тааныштырылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз тараптын талабы боюнча БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясы Кыргызстандын аймагындагы “кургак порттор” боюнча атайын изилдөө жүргүзүүгө макул болду.


Онлайн кайрылуу