Экономика жана коммерция министри “Тан Холдингдин” директору менен виртуалдык активдер, соода жана энергетика тармагындагы маселелерди талкуулады

Новости
15-Ноябрь 2024-ж.
321

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев   Түркияда инновациялык иштерди жүргүзүп, технологиялар жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып жаткан “Тан Холдингдин” директорун Тан Сипахи мырзыны кабыл алды.

Тараптар виртуалдык активдер, соода, энергетика тармагындагы маселелерди жана бул тармактарга инвестициялоонун келечегин талкуулашты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Маалымдама: 

"Тан Холдинг" - инновациялык ыкмасынын жана технологиялар жана маалыматтык технологиялар тармагындагы ийгиликтүү долбоорлорунун аркасында тармакта көрүнүктүү орунду ээлеген уюм. Холдинг медиа, курулуш, мунай жана төлөм системалары сыяктуу стратегиялык тармактарда өзүнүн таасирин кеңейтүүнү жана диверсификациялоону көздөйт.

Онлайн кайрылуу