Жогорку технологиялар паркы үчүн мөөнөтсүз салык режими

Новости
15-Ноябрь 2024-ж.
681
Президент Садыр Жапаров «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (мыйзамдарга: «Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө») мыйзамына кол койду.
 Бул мыйзамга ылайык, Жогорку технологиялар паркы үчүн салык режими мөөнөтсүз болуп өзгөрөт, бул Паркты өлкөнүн ичинде жана чет өлкөлөрдө жайгашкан IT-компаниялар үчүн жагымдуу кылат. Ошондой эле, Парктын Байкоочу кеңеши өз ишинин натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатуу үчүн өз төрагасын өз алдынча шайлоо укугун алды.
 Эскерте кетсек, мурда Жогорку технологиялар паркы 2026-жылы аяктамак болгон, экспортко багытталган IT-компаниялар үчүн 15 жылдык мөөнөткө атайын укуктук жана салык режими менен камсыздалып, салык төлөөдөн жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жеңилдик алган. 
Бүгүнкү күндө Парктын резиденттери сатуудан алынуучу салыктан, киреше салыгынан жана кошумча нарк салыгынан бошотулган.
 Резиденттердин кызматкерлеринин киреше салыгы 5% түзсө, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы орточо айлык маянанын 12% өлчөмүндө белгиленген. 
Президент тарабынан кол коюлган мыйзам Жогорку технологиялар паркы үчүн мөөнөтсүз режимди бекемдеп, анын узак мөөнөттүү өнүгүүсү үчүн туруктуу шарттарды камсыздайт.
















Онлайн кайрылуу