ЭКСПО-2024 Бишкекте: Аялдардын ишкердиги — Борбордук Азиядагы аялдардын инновациялары жана жетишкендиктери

Новости
14-Ноябрь 2024-ж.
429

 2024-жылдын 13-ноябрында Бишкекте аялдардын экономикалык жана коомдук өзгөрүүлөргө кошкон салымына жана инновацияларына арналган ЭКСПО-2024 «Аялдардын ишкердиги» көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

 Бул иш-чара ишкерликтин ар кыл тармактарында стереотиптерди жеңип, башка аялдарды шыктандырган ийгиликтүү айымдарды бириктирди. Иш-чараны Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасындагы «БУУ-Аялдар», Кыргызпатент, Accelerate Prosperity жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы уюштурушту.

 13-15-ноябрь күндөрү катышуучулар өз долбоорлорун сунуштап, жашыл экономика, IT жана саламаттыкты сактоо тармагындагы ишкерлер TEDxWomen Talks программасында тоскоолдуктарды кантип жеңип чыккандыктары тууралуу ой бөлүшүшөт. 

Меймандарга аял ишкерлердин товарлары жана кызматтары коюлган көргөзмө сунушталат. ЭКСПО-2024 «БУУ-Аялдар» жана Accelerate Prosperity тарабынан Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген аял ишкерлер үчүн уюштурулган буткэмп менен башталды. 

Катышуучулар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ментордук программасына да кошулуп, эң мыктылар Даниядагы программа финалына катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ат салышат. ЭКСПО-2024 аялдардын ар кандай тармактарда билим алып, байланыш түзүүсүнө шарт түзгөн платформа болуп саналат.

 Негизги максаты – аял ишкерлерди колдоо, «Борбордук Азиянын инновацияларды жана аял ишкерлигин колдоо фондун» түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу, инвесторлор менен байланыш түзүү жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу. 

Онлайн кайрылуу