Кыргыз Республикасы жана Европа Биримдиги соода-инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулашты

Новости
13-Ноябрь 2024-ж.
465

2024-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы — Европа Биримдиги - Соода жана инвестициялар боюнча Подкомитетинин 20-жыйыны өттү.

Жыйында соода жана инвестициялар чөйрөсүндө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча негизги маселелер жана мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экенин белгилешти, бул экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт. Ошону менен бирге, мындай жолугушуулар экономиканын учурдагы абалы жөнүндө маалымат алмашууга жана бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн кийинки кадамдарды аныктоого өзгөчө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз тарап өлкөдөгү жүргүзүлгөн экономикалык реформалар жана өнүгүүнүн келечектеги пландары жөнүндө маалымат берди. Айрыкча, экономикалык өсүштүн жаңы модели жөнүндө айтылып, мурунку айыл чарба жана алтын экспортунун негизиндеги чийки заттык моделден өнөр жайлаштырууга жана жогорку кошумча наркы бар товарлар менен кызматтарды экспорттоого басым жасалганы белгиленди. Бул өзгөрүү өлкөнүн узак мөөнөттүү туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө багытталган.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигинин Жалпы Преференциялар Жүйөсү плюс (ВСП+) программасына катышуусу, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашуунун ратификациялоо процесси боюнча маанилүү маселелер каралды. Ошондой эле экспорттук көзөмөл жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн инвестицияларды тартуу, регионалдык экономикалык өнүгүүгө өзгөчө көңүл буруу менен кызматташуу боюнча маселелер талкууланды.

Онлайн кайрылуу