Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Астана шаарында өткөн БАРЭК программасынын министрлер конференциясына катышты.

Новости
12-Ноябрь 2024-ж.
363

Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов 2024-жылдын 7-8-ноябрында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Казакстандын Астана шаарында өткөн Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) программасынын 23-министрлер конференциясына катышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынан, энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев катышты.

Казакстандын төрагалыгы алдында өткөн конференция БАРЭКке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүн, анын ичинде Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектеновду жана АӨБ президенти Масацугу Асакаваны бириктирди. Пленардык жыйындарда энергетикалык коопсуздук, декарбонизация, климаттын өзгөрүшү, санариптештирүү, жасалма интеллектти колдонуу жана БАРЭК 2 коридорун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Пленардык жыйындарда регионалдык энергетикалык коопсуздук, декарбонизация, климаттын өзгөрүшү, санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу, ошондой эле БАРЭК 2 коридорун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандын делегациясы Камбар-Ата ГЭС-1, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Каспий аркылуу транспорттук жана жашыл энергетикалык коридорлорду өнүктүрүү сыяктуу бир катар стратегиялык демилгелерди сунуштады.

Санжар Болотов программанын алкагындагы кызматташтык мультимодалдык транспорттук тармактарды түзүү, соода жана энергетикалык коопсуздук үчүн ресурстарды мобилизациялоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Конференциянын катышуучулары БАРЭК-2030 стратегиясынын орто мөөнөттүү кароосун, Жаңы климаттык аракеттер планын бекитип, Туруктуу өнүгүү үчүн долбоорлорду даярдоо фондун түзүштү. Жыйынтыгында тараптар Регионалдык кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгы тууралуу Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. 2025-жылы БАРЭКтин төрагалыгы Кыргыз Республикасына өтөт.

Маалымат үчүн:  

БАРЭК — бул Борбор Азия өлкөлөрү жана алардын өнүгүү боюнча өнөктөштөрүнүн туруктуу өсүү жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган кызматташтык программасы. Анын катчылыгы Азия өнүктүрүү банкында жайгашкан.

Онлайн кайрылуу