Кыргызстан Борбордук Азияда экономикалык катышуусун бекемдөөдө

Новости
12-Ноябрь 2024-ж.
409

2024-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин менен Өзбекстандын  эл аралык “Термез” соода борборунда соода павильонун сатып алуу келишимине кол коюлду.

Тиешелүү келишимге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана «Термез» ЭСБнын башкаруучу компаниясынын «Termez International Trade Centre» ЖЧКсынын өкүлдөрү кол коюшту.

Кыргызстан үчүн павильонду сатып алуу - бул Өзбекстан менен Ооганстандын рыногунда позицияларды бекемдөө, ата мекендик продукциянын экспортун кеңейтүү жана жаңы рынок менен түз байланыштарды түзүү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк.

Ошондой эле,

- кыргыз продукциясынын, анын ичинде айыл чарба жана өнөр жай товарларынын экспортун көбөйтүүгө;

- Ооганстандагы жана коңшу өлкөлөрдөгү бизнес-өнөктөштөр менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү, өз кезегинде бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын региондогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;

- Атамекендик ишкерлер үчүн Борбордук Азия регионунун экономикалык потенциалын пайдаланууга жаңы перспективаларды ачат.

Маалымдама:

“Термез” ЭСБ - бул Борбор Азиядагы эң маанилүү соода жолдорунун кошулган жеринде жайгашкан негизги түйүн, ал аркылуу Өзбекстан менен Ооганстандын ортосунда товарлардын көлөмдүү агымы өтөт.


Онлайн кайрылуу