Министринин орун басары Санжар Болотов Ислам кызматташтык уюмунун экономикалык жана соода Кызматташтык туруктуу комитетинин 40-сессиясынын маараке жыйынына катышты

Новости
06-Ноябрь 2024-ж.
604

2024-жылдын 2-5-ноябрында Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана соода кызматташтык туруктуу комитетинин (COMCEC) 40-сессиясынын маараке жыйынына катышты. Бул жыйын Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайып Эрдогандын жетекчилиги астында болуп өттү.


Жыйында Ислам кызматташтык уюмунун мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган темалар каралды. Катышуучулар санариптик өзгөрүүлөр, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жакырчылыкты азайтуу, каржылык кызматташтыкты күчөтүү жана туризм секторунда туруктуу өнүгүү боюнча маселелерди талкуулашты. Санарип төлөм системаларын өнүктүрүү, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы кеңейтүү жана жеке сектордун ролун күчөтүү боюнча сунуштар да талкууланды.


Иш-чаранын жыйынтыгында соода-экономикалык кызматташтыктарды Ислам мамлекеттер ортосунда өнүктүрүү максатында Ислам кызматташтык уюмунун резолюцияларынын долбоору бектилиди.



 



Онлайн кайрылуу