Экономика жана коммерция министрлигинде ЕЭКтин Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

Новости
05-Ноябрь 2024-ж.
469

2024-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министринин орун басары Гюльшат Асылбаеванын ЕЭКтин Коллегия мүчөсү (министр) Максим Ермоловичтин жетекчилиги алдында Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү, анда атаандаштык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.  

Атап айтканда, 2025-жылы атаандаштыктын абалына баа берүүнү жана сектордук изилдөөлөрдү демилгелүү жүргүзүү үчүн артыкчылыктуу товардык рыноктордун тизмесин аныктоо боюнча, анын ичинде киргизилген антидемпингдик чаралардын алкагында фармацевтикалык, косметикалык жана санариптик кызмат көрсөтүүлөргө сектордук талдоо пландаштырылууда, 15 товардык рынок талданды, алардын 12сине антидемпингдик алымдар колдонулат. 

Министрдин орун басары Гюльшат Асылбаева атаандаштык чөйрөсүндө узак жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин монополияга каршы жана атаандаштык мыйзамдарын жана Биримдиктин укугун шайкеш келтирүү чөйрөсүндөгү ишти күчөтүүнү сунуштады.


Онлайн кайрылуу