КР Экономика жана коммерция министрлиги менен ТР Соода министрлигинин ортосунда продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
05-Ноябрь 2024-ж.
557

2024-жылдын 5-ноябрында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Меморандумда төмөнкү маселелер боюнча кыска мөөнөттүү негизде билим, тажрыйба жана эксперттер менен алмашуу жолу менен продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө жаатында кызматташуу каралган:

- Продукциянын коопсуздугу боюнча мыйзамдар жөнүндө маалымат алмашуу;

- Рынокту көзөмөлдөө жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;

- Сапат инфраструктурасы жөнүндө маалымат жана тажрыйба алмашуу;

- Тиешелүү мекемелердин персоналы үчүн сапат инфратүзүмү жана рынокту көзөмөлдөө жаатында окутуучу программаларды уюштуруу.

Тараптар продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө жаатындагы фундаменталдык маселелерди талкуулоо, ошондой эле келечектеги кызматташуу боюнча пландарды иштеп чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги жетектөөчү Комитетти түзүүнү пландаштырышкан.



Онлайн кайрылуу