Кыргыз Республикасы жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө ээ болду

Новости
04-Ноябрь 2024-ж.
292

Стамбул шаарында Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Соода жана Өнүктүрүү Банкынын Директорлор кеңешинин 108-жыйыны болуп өттү.

 Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Соода жана Өнүктүрүү Банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү Санжарбек Болотов катышты. Катышуучулар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана заманбап каржылык инструменттерди киргизүү боюнча демилгелерди талкуулашты. 

Кыргыз Республикасы суверендүү облигацияларга инвестиция жасоо үчүн жаңы лимиттерди алды, бул артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого жана эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Онлайн кайрылуу