Кыргызстан жана ЮНИДО өнөктөштүктү өнүктүрүүнү талкуулашты

Новости
04-Ноябрь 2024-ж.
428

2024-жылдын 29-октябрында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотовдун ЮНИДОнун башкы директорунун орун басары Юко Ясунага менен жолугушуусу болду. 

Жолугушууда ЮНИДОнун Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын долбоору жана аны жакынкы аралыкта кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды. Санжар Болотов Кыргыз Республикасындагы индустриялык саясаттын учурдагы тенденциялары, өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу жана бул тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. 

Юко Ясунага Кыргызстандын өнөр жайынын өсүшүн колдоо максатында кызматташууга даяр экенин билдирип, өлкөнүн бай табигый ресурстарын жана жогорку билим деңгээлин белгиледи. Жолугушууда «жашыл» экономика жана санариптештирүү багытындагы кызматташуу, ошондой эле 2030-жылга чейинки жаңы Улуттук өнүгүү стратегиясын жана келечектеги Өнөр жай стратегиясын ишке ашырууда ЮНИДОнун эксперттик колдоосу жана консультацияларынын зарылдыгы талкууланды. 

ЮНИДО өкүлдөрүнө COP 29 алкагында Бакуда өтө турган, талкуулар жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү платформа болгон Кыргыз Республикасынын улуттук павильонуна барып көрүү сунушталды. Жолугушуунун соңунда тараптар Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын алкагында биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга ишеним билдиришти. 

Онлайн кайрылуу