Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңештин отурумун өткөрүү жөнүндө

Новости
01-Ноябрь 2024-ж.
482

2024-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кеңештин төрагасынын орун басары – Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев төрагалыгы алдында Сапат сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңештин отуруму болуп өттү. 

Сыйлык ата мекендик ишканаларды жана уюмдарды продукциянын коопсуздугун камсыз кылууга, продукциянын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле башкаруу системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга дем берүү максатында өткөрүлөт.

Сыйлыктар конкурстук негизде:

- продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатында олуттуу натыйжаларга жетишүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу;

- эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга алып келүүчү илимий, уюштуруучулук жана техникалык иштер;

- сапатты башкаруунун жогорку эффективдүү системаларын жана ыкмаларын ишке киргизүү үчүн ыйгарылат.

Сынак эки жылда бир жолу төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1) өнөр жай продукциясын жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;

2) азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;

3) кызмат көрсөтүүлөр.

2023-2024-жылдарга  сынакка катышуу үчүн 78 арыз келип түшкөн, анын ичинен 30 катышуучу отчет берген: 4 - өнөр жай продукциясын жана эл керектөөчү товарларды чыгаруу боюнча; 23 - азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча; 3 – кызмат көрсөтүүлөр.

Кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча:

- лауреаттар жана дипломанттар наамына көрсөтүлгөн ишканаларды /уюмдарды тандоо боюнча конкурстун жыйынтыгы жактырылды;

- Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин 2025-2026-жылдарга иш планын бекитилди;

 - сынактын лауреаттары жана дипломанттары үчүн дипломдордун жана стелланын үлгүлөрү бекитилди.


Онлайн кайрылуу