Министр Данияр Амангельдиев Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатын 100 жылдык маараке менен куттуктады

Новости
01-Ноябрь 2024-ж.
573

Бүгүн, 2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында Министрликтин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Министр Данияр Амангельдиев кызматкерлерди куттуктап жатып, “Бүгүн биз маанилүү этапты — Министрликтин негизделгендигинин 100 жылдыгын белгилеп жатабыз.

 Бул юбилей маанилүү өнүгүү этаптарына бай узак тарыхты символдоштурат, бирок 2021-жылдан баштап биз макулдашылган аракеттерибиздин аркасында мүмкүн болгон экономикалык өсүштүн жана трансформациянын жаңы айлампасын көрүп жатабыз.

Сиздердин ар бириңиздер стратегиялык багытыбызды ишке ашырууда уникалдуу салымыңыздарды кошуп жатасыздар. 

Сиздердин талыкпас эмгегиңиздер жана жооптуу мамилеңиздер өлкөбүздүн маанилүү жетишкендиктерин жана туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга жардам берүүдө.

Биздин аракеттерибиздин жыйынтыктары азыртадан эле байкала баштады.

 2021-жылдан бери Кыргыз Республикасы олуттуу прогресске жетишти: 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекетибиз дүйнөдөгү 220 мамлекеттин ичинен ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча ТОП-30 өлкөлөрдүн катарына кирди. 

Өткөн жылы ИДП 1,2 триллион сомдон ашты, ал эми быйыл 1,4 триллионго жетет. 

Үч жылдын ичинде өлкө бюджетин үч эсеге көбөйттүк, экономикабыздын динамикалуу өсүшү бардык негизги секторлордо - өнөр жай, айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактарында байкалууда.

 Тышкы сооданын да көлөмүнүн өсүүсү уланууда. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 10 614,0 миллион АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9,0% көбөйдү.

 Бул биздин соода жана экспорт тармактарын эл аралык аренада өнүктүрүү боюнча туура жолдо экенибизди тастыктайт.

Бул жетишкендиктер жана ийгиликтер ар бириңиздердин салымыңыздарга ээ жана сиз муну менен сыймыктанууңуз керек, урматтуу кесиптештер! Сиздин эмгегиңиз, демилгеңиз жана туруктуулугуңуз биздин жетишкендиктерибиздин өзөгүн түзөт. 

Бүгүн, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздерге жаңы бийиктиктерди, бекем ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм!”,- деди чын жүрөктөн каалоо-тилектер менен министр Данияр Амангелдиев.

Онлайн кайрылуу