Кыргызстан менен Австрия экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдө

Новости
31-Октябрь 2024-ж.
539

2024-жылдын 30-октябрында Австриянын Вена шаарында Кыргыз-Австрия биргелешкен комиссиясынын эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча 9-жыйыны өттү. 

Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов катышты.
 
 Жыйындын жүрүшүндө тараптар эки өлкөдөгү учурдагы экономикалык абал тууралуу маалымат алышып, соода, инвестиция, финансы, энергетика, тоо-кен иштетүү, туризм, саламаттыкты сактоо, иш менен камсыздоо, билим берүү жана илим, интеллектуалдык менчик, айлана-чөйрөнү коргоо, архив иштери сыяктуу багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
 
 Комиссиянын жыйынынын алкагында эки тараптуу соода көлөмүн жогорулатуу, Австриядан Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестицияларды тартуу боюнча чаралар, анын ичинде энергетика, туризм, логистика, геологиялык чалгындоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Австриянын инновацияларын жана технологияларын тартуу, ишкер байланыштарды орнотууга көмөк көрсөтүү маселелери каралды.
 

 
 

Онлайн кайрылуу