Кыргызстандын экспорттук потенциалын Өзбекстандын рыногуна кеңейтүү жөнүндө

Новости
30-Октябрь 2024-ж.
6886

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги биргеликте Өзбекстандын ири супермаркеттер тармагынын бирине кыргыз картошкасын экспорттоо боюнча келишим түздү.

Келишимдин алкагында жогорку сапаттагы кыргыз картошкасын жеткирүү көлөмү айына 80 тоннаны түзөт. Бул Өзбекстандын супермаркеттеринин текчелеринде продукциянын туруктуу болушун камсыз кылат жана Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияга болгон суроо-талапты канааттандырат.

«Олма» супермаркеттер тармагы менен түзүлгөн келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, ата- мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Өзбекстандын ири супермаркет тармактарынын бири менен кызматташуу айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүүгө гана өбөлгө түзбөстөн, кыргыз картошкасынын брендин региондо сапаттуу, экологиялык жана суроо-талапка ээ продукт катары жайылтууда.

“Бул демилге Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтүү жана ата-мекендик продукцияны Өзбекстан Республикасынын рыногуна чыгаруу боюнча Соода өкүлчүлүгүнүн стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат” – деп Соода өкүлү Алмаз Темирбеков белгиледи. 

Мындан тышкары, Соода өкүлчүлүгү «Олма» супермаркеттер тармагы менен Кыргызстандын ичүүчү сууну, балык азыктарын, балды жана сүт азыктарын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бул Өзбекстандын рыногунда кыргыз продукциясынын ассортиментин кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


Онлайн кайрылуу