Кыргызстан Кытайдан келген уюштурулган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди

Новости
30-Октябрь 2024-ж.
213

2024-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети №646 токтомду кабыл алып, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.

 Ага ылайык, Кытай Эл Республикасынан келген уюштурулган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизилди. 

Уюштурулган топ 5тен 25ке чейинки адамдан турушу керек жана алдын ала бекитилген туристтик программа боюнча Кыргызстанга келиши зарыл. 

Туризм тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчү боюнча, топтун мүчөлөрү кайтуучу авиабилет бар шартта Кыргыз Республикасында визасыз 21 күнгө чейин жүрө алышат. 

Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин, туристтерге 21 күн өткөн соң кайра визасыз кирүүгө укук берилет. Кытайдан келген туристтик топтор үчүн визасыз режимдин киргизилиши Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, туристтердин агымын көбөйтүүгө жана өз ара пайдалуу негизде экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталган.

Онлайн кайрылуу