Данияр Амангельдиев Душанбедеги Мамлекеттер аралык инвестиция жана тоо-металлургия форумунда

Новости
30-Октябрь 2024-ж.
477

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Душанбедеги Мамлекеттер аралык инвестиция жана тоо-металлургия форумуна жана көргөзмөгө катышты. Бул иш-чарада министр Борбор Азия регионунун дүйнөлүк чийки зат тармагындагы маанисине токтолду. 

Өз сөзүндө Данияр Амангельдиев Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокко баалуу жана түстүү металлдарды, сейрек кездешүүчү металлдарды жана казылып алынуучу отунду жеткирүүдө салттуу түрдө маанилүү ролду ойной тургандыгын белгиледи

“Биздин өлкөлөрдүн жер катмарында Менделеевдин таблицасы толук камтылган десек болот. 

Бизде технологиялык компаниялар үчүн негизги чийки зат биржасына айланууга, ошондой эле коңшу республикалар менен кызматташып, ресурстарды терең кайра иштетүү үчүн инфраструктура түзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар,” — деп билдирди министр.

 Ал өз сөзүн жыйынтыктоодо, аймактык өлкөлөрдү заманбап технологияларды киргизүүгө, инвестицияларды тартууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө көңүл бурууга чакырды. 

Министрдин айтымында, Кыргызстан бул багыттарда топтогон тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшүүгө даяр. Муну менен ал аймактын биргелешкен өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошууну көздөйт. 

Онлайн кайрылуу