Кыргызстанда логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсү ачылды

Новости
30-Октябрь 2024-ж.
2797

Бүгүн, 2024-жылдын 29-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев, Кыргыз Республикасынын Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубевдин жана айрым мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Иш-чаранын уюштуруучулары ата мекендик Biexpo жана башка компаниялар.  

Көргөзмөнүн негизги максаттары транспорттук логистиканы өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулоо, тажрыйба алмашуу үчүн бирдиктүү эл аралык платформаны түзүү, логистикалык компаниялардын ортосундагы алдыңкы өнүгүүлөр, соода жана логистика тармагындагы акыркы тренддер, технологиялар, инновациялар жөнүндө билим алуу, ошондой эле ишкердик байланыштарды кеңейтүү болуп саналат.

Бул көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Түркиянын 35тен ашуун ири эл аралык компанияларынын өкүлдөрү катышууда, алар логистика, кампа жабдуулары жана транспорт жаатындагы жаңы иштеп чыгууларды, жабдууларды жана кызматтарды көрсөтүшөт.

Өз сөзүндө министрдин орун басары Назарбек Малаев белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө ишке ашырылып жаткан экономикалык реформалар, инфраструктуралык жана санариптик долбоорлор транспорттук-логистикалык процесстерди өнүктүрүүнү тездетти, бул бул чөйрөдө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түздү.

Ошондой эле мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгы жана экономикалык процесстерди мындан ары өнүктүрүүдө жана мамлекет, бизнес, илимий мекемелер жана эксперттик коомчулуктун өз ара аракеттешүүсүн чыңдоодо маанилүү роль ойной тургандыгы белгиленди.

Онлайн кайрылуу