Кыргызстандык делегация айыл чарба техникасы боюнча кызматташуу үчүн “Uz Class Agro” заводунун иши менен таанышты

Новости
29-Октябрь 2024-ж.
134

2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ӨКӨФ), Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын бизнес өкүлдөрү менен биргеликте Ташкент шаарындагы «Uz Class Agro» трактор жана комбайн чыгаруучу заводуна иш сапары менен барды. 

Аталган завод айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча Өзбекстандагы алдыңкылардын бири болуп саналат, ал айыл чарбасын натыйжалуу жүргүзүү үчүн агрардык секторду заманбап жабдуулар менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Сапардын жүрүшүндө делегация ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жана өндүрүлүп жаткан трактор жана комбайндарды чогултуу процесси менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймактары үчүн атайын айыл чарба техникаларын ӨКӨФ аркылуу лизинг шарттарында сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле, бул макулдашууну ишке ашыруу алкагында ӨКӨФ логистикалык чыгымдарды азайтуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында тракторлор менен комбайндарды техникалык тейлөө үчүн кошумча сервис борборлорун түзүү маселесин карайт.

Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгү бул иш сапардын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо жагынан маанилүүлүгүн белгиледи.

«Uz Class Agro» заводу жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирип, аймакта айыл чарба технологияларын интеграциялоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Онлайн кайрылуу