Малаев E-Commerce EXPO 2024 форумунда: Кыргызстан — Борбор Азиядагы санариптик сооданын келечектеги борбору

Новости
29-Октябрь 2024-ж.
225

2024-жылдын 27-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Электрондук коммерция ассоциациясы тарабынан уюштурулган E-Commerce EXPO 2024 Борбор Азия форуму өттү. Форумда тармактын эксперттери жана лидерлери чогулуп, санариптик сооданын тренддерин жана келечегин талкуулашты.
 
 Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев саламдашуу сөзүндө форумдун символикалык маанисин баса белгилеп, бул иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдык мааракесинде өтүп жатканын айтты. Малаевдин айтымында, соода Кыргызстан экономикасында ар дайым маанилүү ролду ойноп келген жана анын уюштурулушу заманбап чакырыктарга жараша дайыма өзгөрүлүп турган. Бүгүнкү күндө санариптик технологиялардын өнүгүшү менен салттуу соода барган сайын онлайн форматка өтүп, бул ишкердик жана керектөөчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, нормативдик жөнгө салууну жаңылоону талап кылууда.
 
 «Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өнүгүүдө. Кабыл алынган мыйзамдар, колдоо программалары, ошондой эле жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу электрондук соодага болгон ишенимди арттырып, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Биз Электрондук коммерция паркын түзүүнү пландап жатабыз, ал санариптик соода жана ишкердикти колдоо борборуна айланат», — деп белгиледи Назарбек Малаев.
 
 Экономика жана коммерция министрлиги электрондук коммерция үчүн нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүүнүн негизги кадамдарын аныктады. Негизги багыттар төмөнкүлөрдү камтыйт:


Электрондук коммерция рыногуна компаниялардын кирүүсүн жеңилдетүү максатында бизнес үчүн тоскоолдуктарды азайтуу.
 Электрондук коммерция паркы — санариптик стартаптардын өсүүсү жана кеңейиши үчүн колдоо көрсөтүүчү борборду түзүү.
 Чек ара аймактарында логистиканы жеңилдетүү жана товарларды жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу үчүн бажы кампаларын уюштуруу.
 Мамлекеттик органдар менен бизнес ортосундагы электрондук өз ара аракеттешүүнү жеңилдетүүчү «бирдиктүү терезе» системасын киргизүү.
 Санариптик платформаларга өтүүнү көздөгөн ишкерлер үчүн маалыматтык жардамды камсыз кылуу максатында региондук колдоо борборлорун түзүү.
 
 Министрдин орун басары бул өзгөртүүлөр рынокко катышуучулар үчүн шарттарды жакшыртып, санариптик сооданын өнүгүүсүн ылдамдатууга багытталганын баса белгиледи.


Онлайн кайрылуу