Кыргызстан жана Түркия министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу: Данияр Амангельдиев Мехмет Фатих Каджыр менен өнөр жай кызматташтыгынын келечегин талкуулады

Новости
28-Октябрь 2024-ж.
151

2024-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Түркия Республикасынын технология жана өнөр жай министри Мехмет Фатих Каджыр менен Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай, илим, технология жана инновация министрлеринин Биринчи жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. 

Түрк тарап Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай зоналарын ачууга кызыкдар экенин билдирди, бул эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзмөкчү. 

Өз кезегинде, Данияр Амангельдиев “Технологиялык парктар жөнүндөгү” мыйзамдын алкагында берилген жеңилдиктер тууралуу айтып, бул чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи. Жолугушуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын индустриялык потенциалын өнүктүрүү жана Түркия Республикасы менен эки тараптуу экономикалык байланышты чыңдоо боюнча талкууланган маселелерди мындан ары илгерилетүү жөнүндө өз ара макулдашылды. 

Онлайн кайрылуу