Данияр Амангельдиев: Ортоӊку кызыкчылыктарыбыз жана максаттарыбыз туруктуу экономикалык байланыштарды куруунун негизине айланышы мүмкүн

Новости
26-Октябрь 2024-ж.
6875

2024-жылдын 26-октябрында Түркиянын Стамбул шаарында Түрк Мамлекеттер Уюмунун өнөр жай, илим, технология жана инновациялар министрлеринин биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев өнөр жайды өнүктүрүү жана технологиялык инновациялар жаатында кызматташуу зарылдыгын баса белгиледи.


Министр өнүккөн жана технологиялык жактан күчтүү өнөр жай, ар дайым туруктуу экономикалык өсүүнүн кыймылдаткычы болгонун белгиледи. Ал: «Жогорку технологиялык продукцияларды өндүрүүнү өнүктүрүү Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсү үчүн стратегиялык туура чечим», — деп билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөр менен технология жана тажрыйба алмашууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана жумуш орундарын көбөйтүүгө даяр экенин баса белгиледи.


Данияр Амангельдиев жыйындын катышуучуларын өлкөлөрдү жакындатууга багытталган биргелешкен пландарды ишке ашырууну улантууга чакырды. «Биздин өлкөлөрдүн маданий жана тарыхый байланышы бир, жана бул өз ара колдоого жана кызматташууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Ортоӊку кызыкчылыктарыбыз жана максаттарыбыз туруктуу экономикалык байланыштарды куруунун негизине айланышы мүмкүн», — деп белгиледи.

Жыйындын аягында өнөр жай, илим, технология жана инновациялар боюнча Түрк Мамлекеттер Уюмунун министрлеринин биринчи жыйынынын Декларациясы кабыл алынды. Анда метрология жана өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу, стандартизация жана шайкештикти баалоо, өнөр жай кызматташтыгы, космостук технологияларды өндүрүү жана иштеп чыгуу сыяктуу тармактардагы кызматташтык боюнча негизги жоболор камтылган.

Онлайн кайрылуу