Министр Данияр Амангельдиев КР Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Новости
25-Октябрь 2024-ж.
202

"Урматтуу Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлери,

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Стандартташтыруу жана метрология жашообуздун бардык чөйрөлөрүн камтыйт. Алар керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун, айлана-чөйрөнү коргоонун негизи болуп саналат жана эл аралык соода мамилелерин өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Республикада чыгарылып жаткан продукциялардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул кичинекей аспект эмес, аны унутпаш керек.

Сизддердин тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө, анын дүйнөлүк стандарттарга жакындашына жана тышкы сатуу рынокторунда атамекендик өндүрүүчүлөрдүн катышуусун кеңейтүүгө өбөлгө болот деп ишенем.

Бул майрам күнү сиздерге талыкпаган эмгегиңиз үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!».


Урматтоо менен, 

министр                                                                                  Д.Дж. Амангельдиев






Онлайн кайрылуу