Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү жөнүндө

Новости
25-Октябрь 2024-ж.
7035

2024 - жылдын 23 - октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү, Өзбек - Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын бизнес өкүлдөрү менен биргеликте Өзбекстан Республикасындагы Automechanika Tashkent 2024 ири көргөзмөлөрүнүн бирине барышты.

Делегация өзбек өндүрүшүндөгү автобустардын жана оор транспорттук техниканын алдыңкы моделдери менен таанышты. Бул моделдер республикалык маанидеги шаарларда жана Кыргызстандын башка региондорунда пайдалануу үчүн чоң кызыгууну жаратат. Жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын кескин жакшырта турган коомдук транспорттук чечимдерге өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, делегаттар жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардан коммерциялык унааларга чейинки тетиктерди жана тетиктердин компоненттерин изилдешти. Кыргызстанга бул технологияларды киргизүү жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 

Automechanika Tashkent 2024 көргөзмөсү   жаңы байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, транспорт тармагында активдүү өз ара аракеттенүүгө умтулууну тастыктады.


Онлайн кайрылуу