Данияр Амангельдиев Антальянын экспортерлорунун жана инвесторлорунун бизнес-делегациясы менен жолугушту

Новости
25-Октябрь 2024-ж.
4821

2024-жылдын 23-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиевдин төрагалыгы алдында Анталья шаарынын (Түркия Республикасы) экспортерлорунун жана инвесторлорунун бизнес-делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен уюштурулду. Иш-чарада ар кандай тармактарда, анын ичинде соода жана инвестиция жаатында эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргыз экспорту”Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемеси Кыргызстандын Түркия үчүн экспорттук потенциалын көрсөтүү боюнча презентация жасады.

Инвестиция боюнча улуттук агенттик түрк ишкерлери үчүн Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Бет ачардын жүрүшүндө өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармактары, инвестициялоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү шарттар чагылдырылды.

Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду ошондой эле тоо лыжа кластери жана Чаткал тууралуу презентация жасады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы бизнес-климатты жакшыртуу жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үстүндө жигердүү иштеп жаткандыгы белгиленди. Кыргыз Республикасы ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, бизнес жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу үчүн чараларды көрүп жатат. Бул реформалар өнөр жай, айыл чарба, энергетика, инфраструктура жана маалыматтык технологиялар сыяктуу тармактарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорго көбүрөөк чет элдик өнөктөштөрдү тартууга багытталган.

Түрк делегациясы Кыргызстандан тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын импорттоого, ошондой эле өнөр жайдын айрым секторлоруна инвестицияларга кызыгуусун билдирди. Жолугушуунун катышуучулары бизнес үчүн өз ара пайдалуу шарттарды түзүүнүн жана эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул жолугушуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана соода мамилелерин өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду, бул өз кезегинде эки өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.

Онлайн кайрылуу