Түрк экономикалык өнөктөштүгүн чыңдоо: Бишкекте ТМУнун экономика жана соода министрлеринин 13-жыйыны өттү

Новости
18-Октябрь 2024-ж.
476

2024-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн экономика жана соода министрлеринин 13-жыйыны жана экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 15-жыйыны өттү. Жыйындын расмий ачылышын Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев жасады.


Данияр Амангельдиев өз сөзүндө 3-октябрь түрк дүйнөсүнүн кызматташтык күнү экендигин белгилеп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү боюнча келишимдин 15 жылдыгы менен куттуктады. Ал өткөн жылдар аралыгында түрк элдеринин биримдигин бекемдөө үчүн олуттуу иштер жасалганын баса белгилеп, иш-чарага катышып жаткан тараптарга ыраазычылык билдирди.


Министр ошондой эле Кыргызстандын ТМУна мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсүнүн өсүшү тууралуу маалымат берди: товар жүгүртүү 62%га, экспорт 54,6%га, импорт 66%га өскөн. Бул жетишкендиктерди колдоп, дагы да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө зарыл экенин айтты.


Эки тараптуу мамилелердин алкагында, ал президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга мамлекеттик сапарын жана 2024-2029-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлганын эске салып, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын алдыдагы Кыргызстанга сапары боордоштук мамилелерди чыңдоого кошкон салымын баса белгиледи.


Жыйында талкууланган негизги темалардын бири — "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору болду. Бул долбоор аймактын өнүгүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


Мындан тышкары, жашыл экономиканын өнүгүшү жана бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестицияларды тартуу боюнча жарлыгынын мааниси белгиленди. Бул жарлык жашыл экономиканын алкагында туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган.


Экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун жыйынында санариптик экономиканын өнөктөштүгү боюнча келишимдин аяктаганын белгилеп, бул келишим соода мамилелерин бекемдөөгө чоң түрткү берери айтылды.


Жыйындын соңунда Данияр Амангельдиев экономикалык байланыштарды чыңдоо өлкөлөрдүн көзкарандысыздыгын жана туруктуу өсүштү камсыз кылат деген ишенимин билдирди.

Онлайн кайрылуу