«Манас» Соода-логистикалык шаары» долбоору ишке кирди

Новости
17-Октябрь 2024-ж.
125

Бүгүн, 2024-жылдын 17-октябрында «Манас» Соода-логистикалык шаары» долбооруна капсула салуу салтанаттуу иш-чарасы өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.

Иш-чарага ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Долбоор 2023-жылдын 7-декабрында кол коюлган Инвестициялык макулдашуунун алкагында демилгеленген жана Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Инвестициялардын жалпы көлөмү 700 миллиондон ашык АКШ долларын түзөт. Долбоор сооданы жана логистиканы өнүктүрүү үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет.


Соода-логистикалык шаар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Соода шаары;

- Эл аралык көргөзмө борбору;

- Бонд зоналары бар кампа жана логистикалык камсыздоо борбору;

- Ири жабдуулардын маркеттери;

- Турак жай жана мейманкана комплекстери.

Долбоорду ишке ашыруу бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө, инновациялык технологияларды тартууга жана өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү менен 20000ден 60000ге чейин жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле квалификациялуу кадрларды тартууну камсыз кылат, бул, өз кезегинде жумушчулардын чет өлкөлөргө миграциясын азайтууга жардам берет.

Долбоор эл аралык бай тажрыйбасы бар алдыңкы Кытай курулуш компанияларынын катышуусу менен ишке ашырылат. Бул Кыргызстанда алдыңкы технологияларды жана стандарттарды киргизүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

«Манас» Соода-логистикалык шаары» долбоору Кыргыз Республикасында соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, бизнес жана жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө карай маанилүү кадам.

© Сүрөттөр КР МинКаб сайтынан алынган.

Онлайн кайрылуу