Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай зонасын ачуу жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды

Новости
16-Октябрь 2024-ж.
211

2024-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркия Республикасынын Өнөр жай жана технология министрлигинин жетектөөчү курамы менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Түркия Республикасынын Өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ишке ашыруу максатында тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай зонасын ачуу жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө маселени талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлик орун басарларынын жетекчилигинде өнөр жай боюнча жумушчу топторду түзүү тууралуу макулдашылды. Бул жумушчу топтор жакынкы арада өнөр жай чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин чечүү үчүн өз ара жумушчу жолугушууларын жүргүзүшөт.

Онлайн кайрылуу