Минэкономкоммерция региондорду өнүктүрүү жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча жаңы методологияларды тааныштырды

Новости
14-Октябрь 2024-ж.
163

2024-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Токмок шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен практикалык жолугушуу өткөрдү. 

Иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулуп, жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган. 

Жолугушууда эки негизги иштелип чыккан документтер сунушталды: 

1. Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу методологиясы — райондордун жана шаарлардын туруктуу өнүгүү программаларын түзүү жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына арналган практикалык колдонмо.

 2. Калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу — муниципалдык кызматтарды жарандар үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу кылуунун жолдоруна басым жасалды. Бул инструменттер жергиликтүү органдардын ишин жакшыртууга жана калк үчүн чыныгы натыйжаларды камсыздоого багытталган, аймактар менен борбордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүп, ажырымды азайтууну максат кылат. 

Онлайн кайрылуу